Башкы прокуратура тарабынан «Кыргызалтындын» филиалы болгон
«Аффинаждык заводдун» аймагынан жашырылган 1,6 кг салмагындагы алтын табылып, бул боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.
2018-жылдын сентябрь айындагы «Кыргызалтынга» тиешелүү Аффинаждык заводдун контролеру текшерүүнүн учурунда кеңселердин биринен пакетке салынган сары түстөгү жалпы салмагы 1632,1 гр болгон зат табылган. Зат техникалык текшерүүгө берилген, бирок каттоо журналына баштапкы салмагынан 20,9 гр. аз салмак 1611,2гр. деп катталган.
Кесиптик иликтөө менен чектелген заводдун жетекчилиги, окуя тууралуу укук коргоо органдарына юридикалык баа берүү үчүн тиешелүү материалдарды жиберген эмес.
Мындай абалда белгисиз жарандар тарабынан баалуу металлды уурдоо аракети көрүлгөн.
Буга байланыштуу чогултулган материалдар кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып кылмыш иши козголду.