• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Табып Зайналиев фейсбук аркылуу президентке кайрылуу жазды

24 Бештин айы 2018 9:00 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 24.12.2018. Govori.TV

Анда табып: «Урматтуу президент Сооронбай Жээнбеков! Урматтуу кыргыз калкым! Менин жана бизде жаткан 20 дан ашык оорулуулардын үнүн президентке жеткиришкен жок. Бул менен акыркы постум болуп калуусу толук мүмкүн! Октябрь РОВДсынын милициясы келип, мени камакка алып бара жатышат. Бейтапканада өлүм алдындагы 20 оорулуу калды. Алар бир нерсе болуп кетсе, милициядан жана жалган кылмыш иш ачтырган врачтардан көргүлө» — деп жазган.

Эске салсак, Зайналиев кечээ, 22-декабрда кармалып, убактылуу кармочу жайга киргизилген. Табып тиешелүү лицензиясы жок туруп, бейтаптарды мыйзамсыз дарылоого айыпталууда.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы бейтаптарды кабыл алган үйдө 19 киши дарыланып жатканын, алар арыз жазуудан баш тартышканын маалымдаган.

Буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги Хашим Зайналиевге чара колдонууну өтүнүп, Башкы прокуратурага кайрылып келген.

2016-жылдын күз айында анын бейтаптарынын бири каза болгон. Табып аны наркозсуз операция кылгандыгы ачыкка чыгып, коомчулуктун нааразычылыгына кабылган.

Количество просмотров: 44