• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Табып Зайналиевге кылмыш иши козголду

10 Бештин айы 201817:13 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 10.12.2018. Govori.TV

Эч кандай медициналык уруксат кагаздары жок болсо да бейтаптарды дарылаган Хашим Зайналиевге Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси («Мыйзамсыз дарыгерлик кылуу») менен иш козголуп, тергөө башталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы маалымдады.

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги чуулгандуу табып Хашим Зайналиевди жоопкерчиликке тартууну өтүнүп, 2016-жылдан бери Башкы прокуратурага бир нече жолу кайрылган. Эки жолу кылмыш иши козголуп, бирок жабылып калган. Саламаттык сактоо министрлиги учурда ал кайрадан оор дартка туш болгон бейтаптарды өз алдынча дарылоого аракет кылып жатканын, бул эч бир медициналык талапка шайкеш келбей тургандыгын эскертүүдө.

28-ноябрда Онкология борборунун балдар бөлүмүнө оор акыбалда беш жаштагы кыз түшкөн. Ак кан илдетине чалдыккан секелекти Хашим Зайналиев дарылаганы айтылууда. Зайналиев буга чейин да бир нече адамды дарылап, алардын арасында жарык дүйнө менен кош айтышкандар болгон. 

Количество просмотров: 45