• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Тажикстанда жоокерлерди мазактаган чач жасалга боюнча кылмыш иши козголду

21 Кулжа 2023 9:24 Бишкек Govori.TV

Тажикстандын Башкы прокуратурасы армияга жаңы чакырылган жоокерлерди мазактаган чач жасалгалар боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди.

15-июнда социалдык түйүндөргө «Жоокерлердин башына түшүрүлгөн Конибодом районунун аталышы» деген тема менен аскерлердин сүрөтү жарыяланган. Анда тогуз жоокердин башына чач алуучу машинка менен «К», «О», «Н», «И», «Б», «О», «Д», «О», «М» тамгалары жазылганын көрүүгө болот.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, сүрөт 2022-жылы январда УКМКнын Чек ара башкармалыгынын Исфарадагы аскердик бөлүгүндө тартылган. Жоокерлердин чачын алган кенже сержант Мухриддин Исмоилов уставдык эрежелерди бузуп, алардын төбөсүнө Согд облусундагы Конибодом районунун аталышындагы тамгаларды түшүргөн.

Мекеме сүрөттү социалдык түйүндөргө кенже сержант А. Давлатов жарыялаганын билдирди.

16-июнда М. Исмоилов менен А. Давлатовго каршы «Кызмат абалын кыянат пайдалануу, ыйгарым укуктарынан аша чабуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Алар күнөөлүү деп табылса ири өлчөмдө айып пул төлөп же беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Количество просмотров: 236