Депутат Канат Исаевдин иниси, генерал-майор Талантбек Исаевге кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
“Исаевге Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 1-бөлүгү («Кызмат абалын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдалануу, атайылап же этиятсыздыктан олуттуу зыян келтирүү») боюнча сотко чейинки тергөө амалдары башталды”,-деп айтылат маалыматта.
Кошумчалай кетсек, Талантбек Исаев 2018-жылдын 11-октябрында ИИМдин атайылаштырылган мамлекеттик күзөт башкы башкармалыгынын башчылыгына дайындалган.