• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Тажикстанда банкирдин уурдалышы боюнча кылмыш иши козголду

27 Кулжа 2023 9:15 Бишкек Govori.TV

Тажикстандын Башкы прокуратурасы «Ориёнбанктын» төрага орун басары Шухрат Исматуллоевдин уурдалышына байланыштуу кылмыш ишин козгоду.

Өлкөнүн Ички иштер министрлиги (ИИМ) Исматуллоевди уурдоого тиешеси бар адамдарды аныктоого жардам бергендерге 30 миң доллар өлчөмүндө сыйакы убадалады.

Расмий маалыматтарга ылайык, банкирди белгисиз адамдар 23-июнь күнү кечинде Душанбенин Исмоили Сомони районунан уурдап кетишкен. ИИМдин билдирүүсүндө Исматуллоевди төрт киши терезелери караңгылатылган Hyundai Sonata автоунаасына күч менен салып кеткен. Маалыматта алар жасалма автоунаа номурун колдонгону белгиленген.

«Озоди» радиосу кабарлагандай, аталган автоунаа 10-июнь күнү кечинде да Шухрат Исматуллоевдин үйүнө жакын жерде жүргөнү байкалган.

Учурда «Ориёнбанктын» төрагасынын биринчи орун басарын издөө операциясы уланууда. Күбөлөр Душанбенин батыш жана түндүк дарбазаларында укук коргоо органдарынын саны көбөйгөнүн айтып жатышат.

47 жаштагы Шухрат Исматуллоев «Тажик Эйр» авиакомпаниясынын мурдагы башкы директору Дилшод Исматуллозоданын бир тууган агасы, ошондой эле «Ориёнбанктын» төрагасы, президент Эмомали Рахмондун күйөө баласы Хасан Асадуллозоданын жакын адамдарынын бири болгон.

Ал көп жылдар бою «Ориёнбанктын» төрагасынын биринчи орун басары кызматын аркалаган. Иш жүзүндө бул банкты башкарганы айтылып келген.

Количество просмотров: 111