Таиландда Кыргызстандын жараны зордуктоо боюнча айыпталууда. Бул тууралуу Таиланддын маалымат каражаттары жазды.
Маалыматка ылайык, 28 жаштагы С.Ж. аттуу кыргызстандык ММА мушкери Пхукетте машыгат.
«19 жаштагы жабырлануучунун айтымында, ал саунада иштейт. 21-августта машыгуудан кийин келген С.Ж. процедураларды кабыл алып, сыртка чыгып кеткен. Кыз бөлмөнү тазалоо үчүн кайра киргенде шектүү тез эле кайтып келип зордуктаган», — деп жазылат маалыматта.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.