• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Таиландда өтүп жаткан Азия чемпионатында Кыргызстан 7 коло медаль алды

25 Үчтүн айы 2023 11:29 Бишкек Govori.TV

Бокс боюнча Кыргызстандын курама командасы Таиланддын Бангкок шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында 7 коло медаль алды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Чемпионат 19-январда башталып, ага 22 жашка чейинки спортчулар катышууда.

Коло байгенин ээлери:

Ислам Төрөбаев (54 кг)

Аскат Култаев (63,5 кг)

Ихтияр Нишонов (67 кг)

Нурадин Рустамбек уулу (71 кг)

Нурсултаев Болотбаев (86 кг)

Бакыт Токтосун уулу (92 кг)

Ооматбек Элчоро уулу (92 кг жогору)

Белгилей кетсек, спортчулар улук машыктыруучу Улан Сагынбаев жана башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулунун жетекчилиги алдында жөнөп кетишкен.

Количество просмотров: 67