Таиланддын Пхукет аймагындагы Карон жана Чалонг шаарларында 250дөн ашык үй суу ташкынынан жана жер көчкүдөн жабыркады.
Кырсыктан каза болду деген он адамдын сегизи чет элдиктер болгонун айтышууда.
Пхукет провинциясындагы жер көчкүнүн кесепетинен набыт болгон чет элдик сегиз кишинин экөө орусиялыктар болгонун Khaosod гезити жазып чыкты.
Орустардан тышкары Таиланд жана Мьянманын жарандары да каза болгон. Окуя болгон жерге келген куткаруучулар дайынсыз жоголгон адамдарды издеп жатышат.
