• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Тайфун Вьетнамды кыйратууда

11 Аяк оона 202410:15 Бишкек Govori.TV

Ушу тапта Вьетнамдын түндүгүндө «Яга» тайфунунан 87 адам курман болуп, 752и жаракат алды. Түндүк провинцияларда жашаган 70 жашоочу да дайынсыз экендигин эл аралык маалымат агенттиктери жазып жатышат.

«Яга» өлкөнүн түндүгүн сел каптатып, суунун ташкындоосуна алып келди. Акыркы үч күндө 25 провинцияда буга чейин болуп көрбөгөндөй жаан-чачын жааган.

Вьетнамда мындай жаан-чачын 12-сентябрга чейин созулат.

Селдин айынан 110 миң га күрүч плантацияларын сел алып, миңдеген бак-дарактар кыйраган. Сегиз миңдей имараттар бүлгүнгө учурап, электр берүү, байланышуу да оор болууда. Футхо провинциясында машине жүрүүчү көпүрө кыйраган.

Буга чейин Филиппиндерде «Яга» тайфуну 20 адамдын өмүрүн алып, дагы 22 адам дайынсыз болуп жаткан эле.

Акыркы жылдарда «Яга» Вьетнам үчүн чоң кыйроолорго алып келген күчтүү тайфун болуп калды.

Количество просмотров: 144