• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Тайландда эки казакстандык келин кулчулуктан куткарылды

22 Бирдин айы 2024 9:12 Бишкек Govori.TV

Тайландда эки казакстандык аял эмгек кулчулугунан куткарылды. Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Айбек Смадияров билдирди.

Анын айтымында, өткөн айдын этегинде Казакстандын Тайланддагы консулунун мессенжерине Казакстандын жараны Алтын үч бурчтукта (Таиланд, Мьянма жана Лаостун тоолуу аймактарында жайгашкан географиялык зона) эмгек кулчулугунда жүргөндүгү тууралуу билдирүү түшкөн. Жабырлануучу аял ал жерден чыгып кетүүгө жардам сураган.

«Жергиликтүү бийлик аркылуу эки жараныбыз эмгек кулчулугунда экенин аныктадык. Биз бардык аракетибизди жумшап, бир ай сүйлөштүк. Алар акыры бошотулду. Учурда алар Казакстанга учуп келе жатышат», — деди Смадияров.

Анын айтымында, бул жарандар аймакта эмгек кулчулугу бар экени тууралуу кабардар болушкан, бирок жогору айлык акы жөнүндөгү жарнамага азгырылып калышкан.

Смадияров кыздар иштеген ишкана алардын ар бири үчүн кун талап кылганын айтты. Бирок кыздар кун төлөнбөй куткарылган.

Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, акыркы эки жылда Казакстандын 200гө жакын жараны Мьянма жана Лаостун Тайланд менен чектеш аймактарында эмгек кулчулугуна кабылган.

Теги:
Количество просмотров: 140