Бишкек шаарындагы Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына Тайланддан келген кыргызстандык жаран коронавируска шектелип жаткырылган. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Рыспек Садыгалиев бүгүн, 28-январда шаардык кеңештин депутаттары менен жолугушуу учурунда кабарлаган.
Маалыматка ылайык, кыргызстандык 1992-жылы туулган жаран Тайланддан 27-январда учуп келген.
«Аэропортто анын дене табы жогору экени аныкталган. Дарыгерлер аны жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырып, текшеришти. Кийинчерээк анын дарты аныкталып, башка ооруканага жаткырылды. Андан коронавирус аныкталган жок», — деп билдирген Рыспек Садыгалиев.