• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Тайраңдаган «Жоргоминерлер»

27 Аяк оона 2018 18:04 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 27.09.2018. Govori.TV
Чет элге чыккан кыргыздын аткаминерлери, тайраңдап жоосунсуз жоорук жасап, терс көз караштарды пайда кылууда. Алсак, жакында эле учакка мас абалында чыкты делип жаткан Зууракан Каденова Кыргызстанга келээри менен мен соо болчумун деп жар салды. Мындай пикирди ал 7 каналга билдирген.
Орун басары эле эмес, министрдин өзү да чет өлкөлөрдө эс алып жүрө берет деген маалыматты министр айым, Таалайгүл Исакунова четке какты.
Чет элге чыкканын “инстаграм” баракчасына  жүктөгөн, Мамытова өз кезинде жооп айтып, керек болсо жемкорлук менен күрөшкөн киши өзү экенин эскертти.
Мындай көрүнүш кыргыз делегатында биринчи ирет болуп жаткан жок. Кезинде депутат Кожобек Рыспаев дагы Япон элинде мындай окуяны башынан өткөргөн.
Жогоруда айтылган министрлердин өздөрүнүн айтымында баары эле сүттөн ак. А бирок, кылганы менен айтканы дал келбеген аткаминерлер коомго терс таасир калтырууда…

Количество просмотров: 13