• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Тайван Кытайдын машыгууларынан улам аскердик даярдык деңгээлин жогорулатты

3 Баш оона 2022 17:41 Бишкек Govori.TV

Кытай АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Тайбэйге барган учурда аскердик машыгууларды өткөрөрүн жарыялагандан кийин Тайвандын бийлиги согушка даярдык деңгээлин жогорулатты. Бул тууралуу Reuters агенттиги кабарлады.

Буга чейин Кытайдын Тышкы иштер министрлиги Пелосинин Тайванга барышы мамлекеттин суверенитетин бузуу катары бааланарын жана Вашингтон үчүн оор кесепетке алып келерин эскерткен.

Америкалык делегация учуп келердин алдында Кытайдын куралдуу күчтөрү Тайванга жакын жерде аскердик машыгууларды баштаган. Кечээ кечинде Кытай армиясы Тайвандын айланасындагы алты деңиз районунда төрт күндүк машыгууларды өткөрөрүн жарыялады.

АКШ Конгрессинин делегациясы Тайвандын борбору Тайбэй шаарына 2-август күнү кечинде барды. Пелоси учактан чыгары менен «Конгресс делегациясынын Тайванга сапары АКШ динамикалуу өнүгүп жаткан тайван демократиясын колдоону жактай турганын көрсөтүп турат» деп билдирди.

Пелоси Тайванда президент Цай Инвэнь жана жергиликтүү парламенттин вице-спикери Цай Цичан менен жолукту. Инвэнь Өкүлдөр палатасынын спикерине «Кайрымдуу булуттардын ордени» деп аталган өкмөттүк ардак медалды тапшырды.

Кытай 3-августтан тарта жаратылыш кумун Тайванга экспорттоону убактылуу токтотту. Бул тууралуу өлкөнүн соода министрлиги билдирди. Кум айнек чыгарууда, бетон өндүрүүдө жана жолдор менен инфраструктуралык объектилерди курууда пайдаланылат. Ал Тайванга негизинен Кытайдан импорттолот.

Бээжин ошондой эле аралдан цитрус өсүмдүктөрүн жана балык азыгынын эки түрүн импорттоону токтотту. Бул тууралуу Reuters агенттиги кытай бажысына шилтеме кылып кабарлады. Күн мурун Кытайдын Башкы бажы башкармалыгы өлкөгө үч миңден ашык тайван товарынын импорту токтотулганын билдирген.

Мындан тышкары Бээжин Кытайдагы компанияларды «Тайван демократиялык фонду» жана «Тайван эл аралык кызматташтык жана өнүгүү фонду» менен кызматташууга тыюу салган. Себеп катары бул уюмдар «Кытайды каралап, жикчилдикти колдогону» көрсөтүлгөн.

Кытайдын бийлиги Тайванды өзүнүн аймагы деп эсептейт жана аны кошуп алуу ниетин билдирип келет. АКШ БУУга мүчө өлкөлөрдүн көпчүлүгүндөй эле Тайванды өз алдынча мамлекет деп тааныбайт, бирок Кытайдын аралды күч менен кошуп алуу коркутууларына кескин каршы болуп келет.

Количество просмотров: 210