• Жекшемби 26 Теке 2026
  • Воскресенье 26 Июль 2026

Тайванда поезд менен атайын техника кагылышып, бери дегенде 36 адам көз жумду

2 Чын куран 202117:03 Бишкек Govori.TV

Тайвандын чыгышында 350 жүргүнчү менен бараткан Taroko Express поезди рельстен чыгып кетти. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Борбордук жаңылыктар агенттиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2-апрелде болгон кырсыкта бери дегенде 36 адам көз жумду. Ондогон киши жараат алган.

Транспорт министрлигинин маалыматына караганда, Тайпейден Тайдунду көздөй бараткан поездде 350дөй жүргүнчү болгон.

Баштапкы маалыматтарга ылайык, инженердик-техникалык атайын автоунаа туура эмес токтотулуп, поезддин жолуна туруп калган.

Учурда куткаруу иштери уланууда.

Количество просмотров: 184