• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Тайвандагы жер титирөөдө миңден ашык киши жабыркаганы кабарланды

4 Чын куран 2024 16:41 Бишкек Govori.TV

Тайванда куткаруучулар 3-апрелдеги жер титирөөдөн кийин урандылардын алдынан жүздөгөн адамды алып чыгышты. Акыркы маалыматтарга ылайык, жер силкинүүдөн кеминде тогуз киши каза болуп, миңден ашык адам жаракат алды.

Reuters агенттиги кичи автобустар менен улуттук паркты көздөй кеткен 50 жумушчу дайынсыз болуп жатканын кабарлады.

АКШнын Геологиялык кызматынын маалыматына ылайык, 3-апрелдеги жер титирөө Тайвандын бардык аймагында сезилген. Жакынкы күндөрү жаңы силкинүүлөр катталып, алардын күчү 7 баллга чейин жетет деп күтүлүүдө.

Жер титирөөдөн баарынан Хуалянь району көп зыянга учураганы кабарланды. 300 миң калкы бар бул аймактын жашоочуларынын 100 миңге жакыны Хуалянь шаарында жашайт.

Тайвандын Өрткө каршы улуттук кызматы аталган райондогу эки шахтада иштеп жаткан 71 кенчи сыртка чыга албай калганын билдирди.

Жер титирөөдөн улам темир жолдордо жана метродо үч кырсык катталды. Мындан тышкары 125 имарат зыянга учурап, 90 миңден ашык үй жарыксыз калууда.

Количество просмотров: 98