• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Такси кырсыкка учурап, жүргүнчү каза болду

8 Жалган куран 202113:19 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги А. Токомбаев жана Сухэ-Батор көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталды.

Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, кырсык 7-мартта болжол менен эртең мененки саат 8:10да болгон.

Алдын ала маалыматка караганда, Honda Fit унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып, электр түркүгүн сүзүп алган. Жыйынтыгында унаанын ичиндеги жүргүнчү каза болгон, учурда маркумдун өздүгү такталууда.

Окуянын чоо-жайын териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 5649