• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Талант Мамытов иш сапары менен Орусияга барат

30 Жетинин айы 2020 17:12 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Орусияга расмий сапары менен барары күтүлүүдө. Бул тууралуу «РИА Новости» маалымат агенттиги Орусия Мамлекеттик Думасынын спикери Вячеслав Володинге таянып жазды.

Маалыматка караганда, төраганын иш-сапары 7-декабрга белгиленген. 

Белгилей кетсек, 30-ноябрда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун пленардык жыйыны онлайн-форматта өттү. Анда Володин Талант Мамытовго: «Дүйшөмбү күнү Орусияга расмий иш сапары менен келгениңизде көптөгөн маселелерди кененирээк талкуулай алабыз», — деген созүн айтты.

Количество просмотров: 45