• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Талант Мамытов Казакстан Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов менен жолугушту

23 Кулжа 2022 17:05 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 23-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын Кеңешинин отурумдарына катышуу үчүн Чолпон-Ата шаарына келген Казакстан парламентинин Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушууда саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу маселелери талкууланып, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу сөз болду.

Төрага Талант Мамытов быйыл эки мамлекет ортосундагы дипломатиялык алакалардын түзүлгөндүгүнө 30 жыл толоорун белгилеп: «Бирок биздин тарыхый байланыштарыбыз терең, кыргыз-казак эзелтен эриш-аркак жашап келген боордош эл. Андыктан калыптанган бир туугандык жана достук мамилелерди мындан ары да жигердүү улантуубуз кажет. Айрыкча соода байланышын чыңдоо башкы максатыбыз болушу шарт», — деди.

Өз кезегинде Казакстан Республикасынын парламентинин Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов эки элдин кызматташтыгы жогорку деңгээлде экенин белгилеп, мамлекеттер аралык алакаларды арттырууга керектүү мүмкүнчүлүктөр арбын экенине токтолду.

Муну менен катар Ерлан Кошанов Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытовду Казакстанга расмий иш сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Эскерте кетсек, 24-июнда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын Кеңешинин жыйыны жана XI пленардык отуруму өтөт. Иш-чаранын алкагында Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов жыйынга чакырылган парламенттик делегациялардын башчылары менен бир катар жолугушууларды өткөрүүдө.

Количество просмотров: 117