• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

ЖК төрагасы Мамытов Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи болду

1 Аяк оона 202211:45 Бишкек Govori.TV

«Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи» ардак наамы менен Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов сыйланды. 

Тийиштүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгонун Президенттин администрациясы кабарлады.

Сыйлык Мамытовго өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий деңгээлин өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишиндеги зор жетишкендиктери үчүн берилген.

Количество просмотров: 1879