Бүгүн, 5-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кызматынан өз каалоосу менен кетти. Анын ордуна жаңы спикер болуп Нурланбек Шакиев дайындалды.
Социалдык тармактарда Мамытов кеткенден кийин анын отургучун кошо алмаштырып жаткан видео тарады.
Кошумчалай кетсек, Талант Мамытов 2020-жылы 4-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланган. 2021-жылы «Ынтымак» партиясы менен шайлоого катышып, 29-октябрда 7-чакырылыштагы парламенттин курамында кайрадан төрага болуп шайланган.