• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Мамытов: Президент чек арадагы абал боюнча жыйын өткөрөт

16 Аяк оона 2022 16:23 Бишкек Govori.TV

Мамлекет башчы Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу бүгүн кечинде жыйын өткөрөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин спикери Талант Мамытов билдирди.

«Жогорку Кеңеш өз ишин кылып жатат. Өкмөттөн маалымат алды. Биздин укугубуздагы ишти аткарып берүүгө даярбыз. Өкмөт өз ишин алып барууда. Эмне жардам бере алабыз, ошону карап чыктык. Кошумча штаб түздүк. Ош шаарында да штаб түзмөй бодук. Саат 17:00дө жыйын өтөт. Президент жыйынга чакырып атат, анан чечим кабыл алынат», — деди Талант Мамытов. 

Белгилей кетсек, бүгүн, 16-сентябрда Ак үйдүн алдына ондогон адам чогулуп, чыр чыккан аймакка кошумча аскер жөнөтүүнү, ал жактан жергиликтүү тургундарды коопсуз жайга көчүрүүнү, Раззаков шаарынан Бишкекке атайын учак каттамдарын уюштурууну талап кылышты.

Количество просмотров: 221