• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Талант Мамытов төрагалыктан кетти

5 Тогуздун айы 2022 11:39 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кызматын тапшырды. Бул тууралуу ал өзү Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.

Атайы кайрылуусу менен ЖКда сөз сүйлөп жаткан Мамытов бул чакырылыш келгенден бери аткарылган иштерге учкай токтолду.

«Мен жеке өзүм чечим кабыл алдым. Ага себеп жакында болгон парламенттеги окуя болду. Андан улам өз каалобуз менен айрым депутаттар Баткенге барып келдик. Урматтуу кесиптештер, мен өз ыктыярым менен төрагалыктан кетүүнү кабыл алдым. Бүгүнтөн баштап төрагалык кызмат бош», — деди Мамытов.

Андан соң айрым депутаттар сөз сүйлөп төраганын чечиминен улам жаңы төрага дайындоо маселеси тууралуу сөз кылышты.

Буга чейин айтылган маалыматтар боюнча, Талант Мамытовдун ордуна спикер болуп депутат Нурлан Шакиев келээри болжолдонгон эле.

Количество просмотров: 2226