• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Талант Мамытов кыргызстандыктарды Эмгек майрамы менен куттуктады

1 Бугу 2022 12:14 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кыргызстандыктарды 1-май — Эмгек майрамы менен куттуктады.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, төраганын куттуктоосунда мындай деп айтылат:

«Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин жана жеке өзүмдүн атымдан 1-май – Эмгек майрамы менен чын дилимден куттуктайм!

Жалпы элди тең укуктуулукка жана тилектештикке үндөп, ошол эле учурда кайратмандыкка жана эмгекчилдикке чакырган бул күндүн дүйнө тарыхындагы орду өзгөчө. Анткени алгач бул күн 1889-жылы Париж интернационалдык конгресси тарабынан Эмгекчилердин эл аралык тилектештигинин күнү катары белгилене баштаган. Андан бери узак убакыт өтсө да бул күндүн мааниси жоголбой, кызуу майрамдалып келет.

Эзелтен эмгектен бакыт, мээнеттен ырыскы издеген кыргыз эли маңдай тер менен табылган адал оокаттын баркын жакшы түшүнгөн. Эмгекти өмүрдүн булагы, жашоонун негизи катары санап, дайыма жалпы жүктү жабыла көтөрүшкөн. Андыктан мындан аркы эгемен мамлекетибиздин жаркын келечеги да, ар бир жарандын талыкпас эмгегинен көз каранды. Баарыбыз өлкөбүз үчүн, Кыргызстаныбыздын эртеӊи үчүн талыкпай кызмат кылалы. Маалымат алмашуу тездеп, инновациялык технологиялар жана автоматташкан жабдуулардын жаӊы түрү көбөйгөн сайын, кол эмгеги менен акыл эмгегин айкалыштыруу учурдун башкы талабы болууда. Руханий көрөӊгөбүздү жана салттык баалуулуктарыбызды сактоо менен катар заманбап каражаттарды да өздөштүрүүбүз кажет.

Урматтуу мекендештер!

Жаз менен кошо жарыша келген Эмгек майрамынын алкагында ар бирибиз көчөт тигип, өлкөбүздү көрктөндүрөлү. Президент тарабынан демилгеленген быйылкы «Жашыл мурас» өнөктүгүн жигердүү улантып, гүлдөгөн Кыргызстанды куралы.

Дагы бир жолу майрамыӊыздар менен! Жергебизде тынчтык болуп, жашообуз жакшылыктарга толсун. Ар бириӊиздерге ден-соолук жана бакыт каалайм!».

Количество просмотров: 105