• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Талант Мамытов Москвага иш сапары менен барат

4 Бештин айы 2020 14:03 Бишкек Govori.TV

КР президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов 6-8-декабрь күндөрү Москвада иш сапары менен болот. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сапардын алкагында Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. Анда соода-экономикалык, гуманитардык кызматташтык багытында сүйлөшүүлөр болоору, андан тышкары парламенттер аралык кызматташтыктын алкагында Кыргызстан менен Россиянын алакасын арттыруу маселелери талкууланары күтүлүүдө.

Ошондой эле Талант Мамытовдун Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович жана Аткаруучу комитеттин төрагасы — КМШнын Аткаруучу катчысы Сергей Лебедев менен жолугушуулары мерчемделген.

Количество просмотров: 68