• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Талант Мамытов ЖЕЭКтин жыйынына катышты

12 Бештин айы 2020 10:30 Бишкек Govori.TV

Президенттин милдетин аткаруучу, төрага Талант Мамытов Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин видеоконференция форматындагы кезектеги жыйынына катышты.

Иш-чара Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Россиянын президенти Владимир Путин жана Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын катышуусунда өтүп, ага Беларусь президенти Александр Лукашенко төрагалык кылды.

Жыйынга ЖЕЭКтин ардактуу төрагасы катары Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев, ал эми байкоочу өлкө башчысы катары Молдова Республикасынын учурдагы президенти Игорь Додон катышты.

Ошондой эле ЖЕЭКтин жыйынына Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Кубанын президенти Мигель Диас-Карнель Бермудес катышты.

Жыйында евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары, Биримдиктин 2021-жылга карата эл аралык ишмердигинин негизги багыттары жана башка актуалдуу маселелер каралды.

ЖЕЭКтин жыйынынын соңунда экономикалык кызматташууну өнүктүрүүгө жана интеграцияны мындан ары да тереңдетүүгө багытталган бир катар чечимдер менен документтер кабыл алынып, 2025-жылга чейин евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары жактырылды.

Ошондой эле белгилей кетсек, Өзбекстан менен Кубага ЕАЭБге байкоочу мамлекет макамы берилди.

Количество просмотров: 40