• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Талант Мамытов Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды

4 Жетинин айы 2020 12:56 Бишкек Govori.TV

Жогорку  Кеңештин төрагасы болуп шайланды. Аны колдоп, 100 депутат добуш берди.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү  жыйынында «Республика-Ата Журт» фракциясы төрагалыкка талапкер катары депутат Талант Мамытовду сунуштаган.

Белгилей кетсек, «Кыргызстан» фракциясынын лидери, Жогорку Кеңештин төрагасы Канатбек Исаев бүгүн,4-ноябрда  парламенттин жыйынында президенттик шайлоого катыша турганын жарыялап, Жогорку Кеңештин төрагасы кызматын тапшырды.

Талант Мамытов 1976-жылдын 14-мартында Жалал-Абад областынын Майлуу-Суу шаарында туулган. Жогорку билимдүү. 1983-жылы Майлуу-суу шаарындагы №5 орто мектепти аяктап, 1993-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук Университетинин юридика факультетине тапшырган.

Эмгек жолу:

  • 2000-жылы Баткен облустук прокуратурасында мыйзамдарды жана прокуратуранын мыйзамдуу укуктуу актыларын аткарууну көзөмөлдөө боюнча бөлүмдө иштөө менен баштаган.
  • 2001-2002-жыл — Жалал-Абад облусунун прокуратурасынынмыйзамдарга соттук токтомдордун ылайык келишин көзөмөлдөө боюнча бөлүмгө прокурор.
  • 2002-2004-жыл — Жалал-Абад шаардык прокуратурасында улук тергөөчүсү.
  • 2004-2005-жыл — Чаткал райондук прокуратурасында прокурордун жардамчысы.
  • 2005-2006-жыл — Кыргызстандын башкы прокуратурасынын уюштурууну камсыз кылуу жана Эл аралык байланыштар башкармалыгы бөлүмүнүн прокурору.
  • 2006-жыл – Чүй облусунун Ысык-Ата районунун прокурорунун орун басары.
  • 2006-2007-жыл — Жалал-Абад облусунун Сузак районунун прокурорунун орун басары.
  • 2007-2009-жыл — Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун прокурору.
  • 2010-жыл, январь — прокуратура органдарынан өз каалоосу боюнча бошогон.
  • 2010-жылы Жогорку Кеңештин V чакырылышына «Ата-Журт» саясий партиясынан тизме боюнча депутат болгон.
  • 2012-жыл — 3-октябрда «Ала-Тоо» аянтында «Кумтөр» кенин улутташтыруу боюнча митингге чогулгандар параламенттин имаратына кирүүгө аракет кылышып, топтолгондор Ак үйдү көздөй бет алган. Аларды милиция кууп тараткан. Ал эми «Ата-Журт» лидери Ташиев баш болгон бир нече адамдар Ак үйдүн тосмосунан ашып кирген. Милиция аларды кармаган жана алардын арасында Ташиевден сырткары ошол кездеги депутаттар Садыр Жапаров менен Талант Мамытов болгон.
  • 2013-жылдын 29-мартында Бишкектин Биринчи Май райондук соту Талант Мамытовду фракциялаштары Камчыбек Ташиев жана Садыр Жапаровду менен бирге мыйзамсыз бийликти басып алууга аракет кылган деген кине менен 1 жылга кескен. 
  • 2013-жылдын 20-августунда депутаттык мандаттан ажыратылган.
  • 2015-жылы — «Республика — Ата-Журт» партиясынын тизмеси менен VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.
Количество просмотров: 87