• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Талапкер Садыр Жапаров теледебаттардын 2-туруна дагы келген жок

6 Үчтүн айы 2021 21:15 Бишкек Govori.TV

Президенттикке талапкерлердин бири Садыр Жапаров КТРКнын теледебаттарынын 2-туруна дагы келген жок. Алдын ала белгиленген тартип боюнча 6-январдагы дебатка Адахан Мадумаров, Канатбек Исаев, Курсан Асанов, Элдар Абакиров, Аймен Касенов жана Садыр Жапаров келмек. Алты талапкердин бешөө гана келди.

Алып баруучу талапкер Садыр Жапаровдун теледебатка келбегенин анын шайлоочулар менен болгон жолугушуу графиги дебат боло турчу убакытка туура келбей турганы менен түшүндүрдү.

Талапкерлердин бири Мадумаров Жапаровго бөлүнгөн 25 мүнөттү 5 талапкерге беш мүнөттөн берүүнү талап кылды.

«Садыр Жапаров “ушакчылардын уюгуна” барбайм дегендей кылып келген жок. Бул жигитке бөлүнгөн 25 мүнөттү бешөөбүзгө 5 мүнөттөн бөлүп бергиле. Бересиңерби?» — деди Мадумаров.

Анткен менен алып баруучу БШК тарабынан телебатка катышкан ар бир талапкерге 25 мүнөт гана каралганын айтып, башка талапкердин убактысын бөлүп берилбей турганын белгиледи.

Президенттикке талапкер Садыр Жапаров КТРКнын теледебаттарынын 1-раунддарына дагы катышкан эмес болчу.

Количество просмотров: 363