• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Талапкерлер Садыр Жапаров менен Рашид Тагаев дебатка келген жок

29 Бештин айы 202021:24 Бишкек Govori.TV

Президенттикке талапкерлер Садыр Жапаров менен Рашид Тагаев 29-декабрда Коомдук телерадиоберүү корпорациясындагы (КТРК) теледебатка келген жок.

«Садыр Жапаров менен Рашид Тагаев бир күн мурда кат жазып, аймактардагы жолугушуулардын графигине байланыштуу бүгүнкү дебатка катышпай турганын билдиришкен», — деди телетаймаштын алып баруучусу Алмаз Касымалиев.

Дебатка президенттикке дагы башка талапкерлер Мыктыбек Арстанбек, Имамидин Ташов, Арстанбек Абдылдаев жана Элдар Абакиров катышууда.

Президенттикке жарышкан саясатчылардын КТРКдагы теледебаты 28-декабрда башталып, ага алты талапкер — Канатбек Исаев, Клара Сооронкулова, Адахан Мадумаров, Аймен Касенов, Бактыбек Калмаматов жана Каныбек Иманалиев чыкты.

30-декабрда калган талапкерлер — Бабыржан Төлбаев, Курсан Асанов, Равшан Жээнбеков, Жеңишбек Байгуттиев жана Абдил Сегизбаев дебатка катышат. Ушуну менен дебаттын биринчи айлампасы жыйынтыкталып, экинчиси 6-январда башталат.

Количество просмотров: 161