• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Талас «Гансидеги» обсервациядан качкандарга катуу чара көрдү

20 Бугу 2020 12:26 Бишкек Govori.TV

19-майда Россиянын Соль-Илецк шаарынан келгендерден 51 адам Талас облусуна келери менен Талды-Булак постунан обсервацияга алынган. Ар биринен буга чейин эки жолудан ПЧР-анализ алынып, «таза» деген жыйынтык чыккан.

Бирок коопсуздук үчүн алар Кара-Буура жана Бакай-Ата райондорунда уюштурулган карантиндик жайларга жайгаштырылды. Алардан кошумча дагы ПЧР-анализдер алынып, беш күндүк мөөнөт менен обсервацияга жаткырылды.

Ал эми сырттан келген жарандарыбыз жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө баш ийбей бир топ кыйынчылыктарды жаратты. Алар обсервациянын шарттарына нааразы болуп, туалеттин жоктугун жана керебеттерде таракандар «чуркап жүргөндүгүн» жүйө келтиришип, каршылык көрсөтүштү.

Бирок милиция кызматкерлеринин кийлигүшүүсү менен карантиндик режимдин талаптарына ылайык Соль-Илецк шаарынан келгендер обсервацияга жаткырылды.

Бул арада Талас облусундагы өкмөттүн өкүлү Марат Мураталиев видео кайрылуу жасап, жарандарга башкалардын коопсуздугун ойлоп, карантин эрежеси менен тартипти бекем сактоого чакырды.

Эске сала кетсек, 18-майда, Соль-Илецкиден алып келинип, «Манас» аэропортунун жанындагы Американын мурдагы «Ганси» авиабазасынын аймагында жайгашкан «Семетей» обсервациясында жаткандар жаңжал чыгарган. Республикалык штабдын алгоритмине ылайык, ал жактагы 413 адам үй карантинине жиберилген. Алардын 51ү Талас облусуна келишкен.

Учурда Талас облусу республикадагы коронавирус катталбаган жалгыз аймак.

Количество просмотров: 1912