• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Талас облусунда жер титирөө катталды

4 Жетинин айы 202010:10 Бишкек Govori.TV

Талас облусунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматына ылайык, жер титирөө 3-ноябрь күнү саат 23:37де Талас облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.

Жер титирөө Талас районунун Кара-Суу, Көк-Кашат, Калба, Ак-Сай, Чат-Базар, Кызыл-Туу, Ак-Жар, Таш-Арык, Орто-Арык, Огонбаев айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Количество просмотров: 405