Талас облусунун түзүлгѳндүгүнүн 80 жылдыгы чоң салтанат менен белгиленип жатат.
3 күн, 3 түн республиканын бардык аймагынан келген манасчылар манас айтышууда. Мындан тышкары улуттук оюндар жана «Кылым карыткан кыргыз ала кийизи» фестивалы өткөрүлөт.
9-10-11-октябрь күндөрү эрендердин эр оюну көк бөрү боюнча республикалык мелдеш өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул оюндун жеңүүчүлөрү жөнүндө өзүнчө маалымат беребиз.
Бүгүн, эртең Кыргыз Улуттук «Манас ордо» комплексинде жана Талас облустук ат майданда тай чабыш, кунан чабыш, аламан, ордо оюну, кыргыз күрөшү, аркан тартыш, жаа атуу, таяк тартыш, куш салуу, тайган жарыш боюнча мелдештер өтөт.
Аламан, жана кыргыз күрөшүнүн жеңүүчүлөрүнө автоунаа ыйгарылат, калган байгелүү орундар үчүн акчалай сыйлыктар берилет. Улуттук спорт оюндарынын жалпы байге фонду 2,5 млн. сом.
Төкмө акындардын эл аралык айтышы бүгүн 11-октябрда Капар Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрында өттү.
12-октябрда «Манас ордо» комплексинде эстрада ырчыларынын катышуусунда гала-концерт тартууланат. Мирбек Атабеков, Бек Борбиев, Кубаныч Сатаев, Урмат Усенов, Неля, Нурила, Нурлан Насип, Гулзада Рыскулова, Алтынай Асанбекова ырдайт.