• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Талас облусунун 80 жылдык мааракеси белгиленип жатат

11 Тогуздун айы 202415:07 Бишкек Govori.TV

Быйыл Талас облусунун түзүлгѳндүгүнө 80 жыл толот. Буга байланыштуу облуста бир топ иш-чаралар өткөрүлө баштады.

Кечээ 10-октябрда Таластагы Кыргыз Улуттук «Манас ордо» комплексинде КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлү Эрмат Жумаевдин, КР Баатыры Алиясбек Алымкуловдун катышуусунда “Урааным Манас” аталышында манасчылар фестивалынын ачылышы болду.

Кара Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгѳндүгүнүн 100 жылдыгына жана Талас облусунун 80 жылдык мааракесине арналып, Улуттук «Манас ордо» комплексинде үч күн, үч түн боюу манас айтылат.

Ага ѳлкѳ аймагынан 17 манасчы Талас жергесине келип катышып жатат.

Количество просмотров: 361