• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Талас облусунун жетекчисинин кеңешчиси 2 айга камакка алынды

3 Баш оона 2020 10:29 Бишкек Govori.TV

Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлүнүн кеңешчиси Марслатбек Шералиев эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти.

Эки айга камакка алуу чечимин Талас райондук соту кабыл алган. Ал тергөө иштери бүткөнгө чейин Талас ОИИБдин убактылуу кармоочу жайында кармалат.

Эске салсак, 30-июль күнү болжол менен саат 17:30да Көк-Токой айылында “Toyota 4Runner” унаасынын 53 жаштагы Ш.М. аттуу айдоочусу жол жээгинде бара жаткан велосипедчен адамды сүзүп, андан кийин жол жээгинде турган “Мерседес Бенц” унаасын сүзгөн. Натыйжада 1994-жылы туулган велосипеддеги Аскат Алыкулов ооруканага жеткирилген. 31-августта ал алган жаракаттарынан улам каза болгон.

Количество просмотров: 117