• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Талас жана Нарын облустарында он чакты телеканал өчүрүлдү

4 Баш оона 202210:12 Бишкек Govori.TV

«Санарип технологиялар» ишканасы каржылык маселеден улам Талас жана Нарын облустарында 1-августтан тарта он чакты телеканал өчүрүлгөнүн билдирди. Арасында Next TV, Super TV, NewTV өңдүү каналдар бар. Учурда көйгөйдү чечүү аракети көрүлүүдө.

Аталган ишканадан кабарлашкандай, жалпы карыз 6 миллион сомго жакын. Мындан улам Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу боюнча радиорелейдик магистралдык республикалык өндүрүштүк бирикмесине каналдарды өчүрө туруу сунушу берилген.

Кыргызстан 2015-жылы санарип телеберүүгө өткөн. Жеке каналдар “Санарип технологиялар” биргелешкен ишканасын түптөп, ал аркылуу жогоруда аталган республикалык бирикмеге акы төлөп, эфирге чыга баштаган.

Количество просмотров: 108