• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бабанов президенттик шайлоого барбайт

6 Жетинин айы 2020 12:10 Бишкек Govori.TV

Мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов президенттик шайлоодо талапкерлигин койбосун, Садыр Жапаровду колдой турганын билдирди. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы өздүк баракчасына жазды.

Анын айтымында, Жапаров менен Конституциялык реформа тууралуу да сүйлөшкөн.

«Кэчээ Садыр Нургожоевич менен жолуктум. Өлкөбүздү өнүктүрүүгө керек болгон терең маселелерди ачык талкууладык. Өлкөбүз эркиндикти туу тутуп, демократиянын нугунда гана тез өнүгө аларына окшош пикирде экендигибизди көрдүм. Садыр Нургожоевич мурдагы башкаруучулардын каталарын кайталабасын, олуттуу өзгөрүүлөргө даяр экендигин көрдүм. Мени колдоп келген бардык адамдарга, тилектештериме ыраазычылык билдирем! Партиялаштарым менен акылдашып, Кыргызстандын Президентинин кызматына өз талапкерлигимди алып чыкпоону чечтим. Садыр Нургожоевичтин талапкерлигин колдоону чечтим»,-деп жазды Бабанов.

Количество просмотров: 547