• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

УКМК: Бабанов ден соолугуна байланыштуу камактан бошотулду

27 Теке 2021 18:11 Бишкек Govori.TV

«Кумтөр» иши боюнча кармалган мурдагы премьер-министр  Өмүрбек Бабанов ден соолугуна байланыштуу СИЗОдон чыгарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

«Бабановдун баш коргоо чарасынын мөөнөттүн узартууну кароодо анын ден соолугунун начарлап кеткендигин жана чет өлкөдө дарылоону талап кылган оорулардын бар экендигин көрсөткөн медициналык документтер алынды. Ошого байланыштуу бүгүн, 27-июлда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Бабановдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, чет өлкөдө квалификациялуу медициналык жардам алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу максатында ал камактан бошотту. Ошол эле учурда Бабанов шектүү деп эсептелген «Кумтөр» долбоорун ишке ашырууда коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин тергөө иштери улантылып, бардык күнөөлүүлөрдү аныктоо боюнча бардык чаралар көрүлүүдө. Коомчулукка бул кылмыш иши боюнча тергөөнүн жүрүшү жана натыйжалары жөнүндө, анын ичинде Бабановго байланыштуу анын иш-аракеттерине укуктук баа берүү боюнча тынымсыз маалымат берилип турат», — деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, Өмүрбек Бабановду 31-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет камакка алган. Ага Жазык кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып коюлган. Биричи май райондук соту саясатчыны 31-июлга чейин тергөө абагында калтырган.

Теги:
Количество просмотров: 1638