Мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов депозиттик эсепке 100 млн. сом которду. Маалыматты Экономика жана финансы министрлигинин маалымат катчысы Нурила Батралиева Govori.TVга билдирди.
Маалыматка ылайык, Бабанов бюджетти колдоо боюнча каражатты 29-мартта которгон.
«Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2021-жылдын 19-январындагы №8 токтому бар. Анын негизинде эсепке түшкөн каражат качан, кайсы багытка, эмнеге коротуларын өкмөт чечет», -деди маалымат катчы.
Эске салсак, 24-мартта Өмүрбек Бабановго козголгон иштер боюнча жүрүп жаткан териштирүүлөр токтотулган. Ал мамлекеттик бюджетти колдоо иретинде өз ыктыяры менен казынага 100 млн. сом берүүнү убада кылган.