• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Таласта 11 адам жабыркаган өрттүн себеби аныкталды

5 Үчтүн айы 202110:50 Бишкек Govori.TV

5-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан маалыматка ылайык, Таласта 11 адам күйүк алган өрттүн чыгышына газ баллонду колдонууда өрт коопсуздугу боюнча эреже бузулганы себеп болгон.

4-январда Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылындагы Борбордук базардын жанындагы “Шаурма Сити” тез тамактануучу жайда газ баллон жарылып, өрт чыккан.

Өрттүн аянты болжол менен 140 чарчы метрди түзгөн. Учурда келтирилген материалдык чыгым такталууда.

Количество просмотров: 172