• Шаршемби 15 Теке 2026
  • Среда 15 Июль 2026

Таласта 12 адам шаурмадан ууланды

31 Бугу 202517:04 Бишкек Govori.TV

Талас облусунда массалык түрдө тамак-аштан уулануу фактысы катталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, окуя 2025-жылдын 30-майында болгон. Уулануунун натыйжасында 12 адам жабыркаган. Алардын бири ооруканага жаткырылды, калгандары амбулатордук дарыланууда. Ооруканага жаткырылган жабырлануучу бүгүн ооруканадан чыгарылды.

Эпидемиологиялык иликтөөнүн жыйынтыгында жабыркагандардын бардыгы күн мурун Талас шаарындагы “Казань Шаверма” тез татым дүкөнүнөн сатып алынган шаурма жегени аныкталган.

Санитардык кызматтын кызматкерлери мекемеде пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүштү. Продукциянын үлгүлөрү лабораториялык анализге алынып, учурда изилдөө иштери уланууда.

Тез тамактануучу жайды текшерүүнүн жыйынтыгы менен КР Укук бузуулар кодексинин 80 жана 214-беренелеринин 5-бөлүмү боюнча жалпы суммасы 36 000 сомдук административдик протоколдор түзүлдү.

Количество просмотров: 211