• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Таласта 17 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча кылмыш иши козголду

25 Баш оона 202218:30 Бишкек Govori.TV

Талас районунун Манас айылында 17 жаштагы кыз зордукталып, кош бойлуу болгон деген окуя боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кыз айылдашы тарабынан зордукталганын айтып арыз жазган. Текшерүү учурунда анын кош бойлуу экени аныкталган.

Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин 3-бөлүмү («Зордуктоо») менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө жүрүп жатат.

Количество просмотров: 385