• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Таласта 25 жаштагы келинди үйүндө 3 баласы менен бычактап кетти

24 Аяк оона 2018 11:55 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 24.09.2018. Govori.TV
Талас облусунда 25 жаштагы келин белгисиз жаран тарабынан бычакталып каза болду. Бул тууралуу Талас ОИИБинин басма сөз кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, бул окуя кечээ, 23-сентябрда болгон.
«Милиция кызматкерлерине каза болгон келиндин апасы кайрылган. Анын айтымында, кызын өзүнүн үйүнөн белгисиз жаран бычактап, ал алган жаракаттарынан улам каза болуп калган. Маркумдун үч баласы бар. Учурда бул кылмышка бир адам шектелүүдө. Бирок иликтөө иштери жаңы гана башталгандыктан дагы көп жагдайлар текшерилиши керек», — деди маалымат катчы.
Маалыматта белгиленгендей, бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголду.
Количество просмотров: 27