• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Орусияда жол кырсыгынан кыргызстандык 25 жаштагы жаран мерт кетти

4 Жетинин айы 2019 13:48 Бишкек Govori.TV

Россиянын Ленинград шаарында жол кырсыгынан кыргызстандык каза тапты. Бул тууралуу «Марал» радиосунун сайты жазды.

Маалыматка ылайык, окуя 1-ноябрда болгон. Анда Парголов—Огоньки жолунда Suzuki Grand Vitara унаасынын 60 жаштагы айдоочусу карама-каршы тилкеге чыгып кетип, Skoda Octavia унаасы менен бет маңдай кагышкан. Skoda Octavia’ны башкарып бараткан 25 жаштагы кыргызстандык жаран окуя болгон жерде мерт кеткен.

«Каршы тилкеге чыгып кеткен унаанын 60 жаштагы айдоочусу да 2-ноябрда ооруканада каза болгону айтылат. Орусиянын Жол коопсуздугун көзөмөлдөө Мамлекеттик инспекциясы Кыргызстандын жараны бир катар административдик жоопкерчиликке тартылып, 2019-жылдын февралынан тартып, 2022-жылдын январь айына чейин Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салынганын айтты»,-деп жазылат маалыматта.

Количество просмотров: 176