Бүгүн, 21-майда Талас шаарынын Бердике баатыр көчөсүндө 900 орундуу жаңы мектептин курулушуна капсула салуу аземи болуп өттү.
Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев жана Талас шаарынын мэри Байышбек Астанакулов катышты.
Мектепте 27 класстык бөлмө, 400 орундуу акт залы, спорт залы, ашкана жана ар кандай ийримдер үчүн бөлмөлөр каралган. Ошондой эле имарат видеобайкоо системасы менен жабдылат.
Курулуш 2026-жылдын июль айына чейин бүткөрүлүшү пландалууда. Объект «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын башкы директору Болот Абилдаевдин жеке каражатына курулууда.