• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Таласта аэропортко караштуу жер мыйзамсыз менчиктештирилгени аныкталды

21 Бугу 202516:57 Бишкек Govori.TV

Талас шаарындагы аэропортко тиешелүү мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилке мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Талас шаарынын прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүдө стратегиялык мааниге ээ болгон Талас шаарындагы аэропорттун 2900 чарчы метрди түзгөн жер тилкеси мыйзам талаптарын бузуу менен жеке менчикке өтүп кеткендиги аныкталган.

«Көрүлгөн чаралардын негизинде жогоруда белгиленген жер тилке мамлекетке кайтарылды»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 228