• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Таласта айдоочунун унаасынан 6 кг ашуун баңгизаты табылган

31 Тогуздун айы 2023 12:27 Бишкек Govori.TV

Таласта айдоочунун унаасынан 6 кг ашуун баңгизаты табылган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, 24-октябрда Тараз – Талас – Суусамыр унаа жолунда Талас районунун Талды-Булак айылында «ГАЗ-69» үлгүсүндөгү унааны ташып бара жаткан унаа токтотулган.

Аталган унаага тинтүү жүргүзүү учурунда 18 даана көлөмү 1,5 литр пластик бөтөлкөлөрү, жарым 50 кг. сумкасынан жалпы салмагы 6 кг 753 гр «марихуана» табылып алынган.

Бул баңгизаттары Чүй облусуна сатуу үчүн Жалал-Абаддын Токтогул районунан сатылып алынганы аныкталган.

Аталган унаанын ээси кармалган. Ага КР Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 208