• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Таласта Айтматовдун 90 жылдыгы белгилене баштады

8 Жетинин айы 2018 11:55 Бишкек Govori.TV
Бишкек.08.11.2018.Govori.TV.
Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков Талас шаарында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун айкелине гүлчамбар койду. Ошентип жазуучунун 90 жылдыгын белгилөө расмий башталды.
Саамалыктын алкагында «Манас ордо» комплексинде 90 боз үй тигилип, 30 жылкы союлуп, 16 төкмө акын катышкан айтыш уюштурулат. Таласта өтүп жаткан иш-чараларга Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын депутаттары Алмамбет Шыкмаматов, Садык Шер-Нияз, президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев, жазуучунун бир тууган карындашы Роза Айтматова, уулу Элдар Айтматов да катышууда.
Быйыл Таластагы иш-чаралар Кыргызстанда алгачкы жолу майрамдалып жаткан «Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө» туш келген. Буга байланыштуу жарлыкка 2017-жылы экс-президент Алмазбек Атамбаев кол койгон. Буга чейин 7-ноябрь Улуу Октябрь Социалисттик революциясынын күнү катары белгиленип келген.

 

Булак: Азаттык

Количество просмотров: 36