Бүгүн 22-ноябрда К. Медетбеков атындагы Талас облустук драма театрында “Талас-Агро-Диалог” айыл чарба форуму өтүп жатат.
Ага КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орунбасары Самат Насирдинов, КР Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев, Органика айыл чарбасы жана кайра иштетүү департаменти, Асыл тукум мал чарба, жайыт жана тоют департаменти, КР Соода өнөр жай палатасы, «Аталык Групп», «Бай багбан» ассоциациясы, Балык өнөр жай ассоциациясы, «Фазенда багбан» жана мамлекеттик банктар башка жеке компаниялар, агенттиктер катышууда.
Анда айыл чарбаны өнүктүрүүнүн негизги аспектилери, инновациялык технологияларды киргизүү, айыл чарба продукциясынын өндүрүмдүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу, дыйканчылык, багбанчылык, мал чарбасы, тоют өндүрүү жана башка актуалдуу маселелер талкууланууда.
Форумда Талас облусунда өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларынын көргөзмөсү уюштурулуп, дыйкан, фермерлерге маалымат алуу үчүн В2В форматында маалымат аянтчалары түзүлгөн.