Бүгүн, 1-июнь күнү Министрлер кабинетинин Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн алдына ондогон адамдар чогулду. Алар камакка алынган Өмүрбек Бабановду бошотууну талап кылышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Ошондой эле чогулгандар тергөөнүн адилеттүү жүрүшүн дагы талап кылышты жана талаптарын айткандан кийин тарап кетишти.
Өмүрбек Бабанов 31-майда Кумтөр кенин иштетүүдөгү коррупцияга байланыштуу кармалган.
Булак: Турмуш.