• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Өмүрбек Бабанов өзүнүн футбол клубун түздү

17 Жетинин айы 202516:49 Бишкек Govori.TV

Келе жаткан сезондо жогорку дивизиондогу клубдардын саны 14төн 16га көбөйө турган болду.

Бүгүн, 17-ноябрь күнү Кыргыз футбол биримдигинин Президенти Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич Кыргыз Республикасынын Премьер-Лигасына катышкан клубдардын жетекчилиги менен жолугушуу өткөргөн.

Белгилей кетсек, келээрки футбол сезонуна карата Кыргыз Премьер-Лигасынын катышкан клубдардын саны толукталды. Эске салсак, 2025-жылкы сезондо өлкөнүн башкы чемпионатында 14 клуб ойногон. Улуттук лигадан Премьер-Лигага жолдомо алган «Токтогул» (Токтогул шаары) футбол клубунан кийин, чемпионатка Талас шаарын өкүлчүлүк кылган «Азия» клубу да расмий кошулду. Талас шаарынын «Азия» клубун түзүү боюнча КФБнын демилгесин Бабанов Өмүрбек Токтогулович колдогон. Муну менен биринчиликте ойной турган клубдардын саны 16га жетти.

Жыйын жүрүшүндө Кыргыз Профессионалдык футбол лигасынын 2025-жылкы сезон боюнча отчету, Кыргыз футбол биримдигинин футбол инфратүзүмүн өнүктүрүү боюнча отчету угулду. Кошумчалай, КПФЛ 2026-жылкы спорттук сезон боюнча пландарын сунуштады.

Андан сырткары, жыйын учурунда чемпионаттардын аталыштарын өзгөртүү боюнча чечим маалымдалды. Чечимге ылайык, «Премьер-Лига» «Жогорку Лигага», ал эми «Улуттук Лига» — «Биринчи Лигага» өзгөртүлдү.

Ал эми жаңы сезондон тарта Биринчи Лиганын жеңүүчүсү Жогорку Лигага түз жолдомо алса, анда акыркы — 16-орунду ээлеген команда Биринчи Лигага түшөт. Аталган жаңыртуу да бүгүнкү жыйын катышуучуларына маалымдалды.

Количество просмотров: 172